Казакстанда "KazOil 2019" эл аралык конференциясы болуп өттү

Бул жылы үчүнчүсү өткөрүлгөн иш чарада Казакстанда майлуу үрөөн секторунун өнүктүрүлшү, келечеги жана коркунучтары тууралуу маселелер талкууланды.

1300803
Казакстанда   "KazOil 2019" эл аралык конференциясы болуп өттү

Казакстандын борбор шаары Нур Султанда 12 өлкөдөн 200дөн ашуун майлуу үрөөн өндүрүү жана иштетүү тармагында иш алып барган делегациянын катышуусу менен "KazOil 2019" эл аралык конференция өттү.

Бул жылы үчүнчүсү өткөрүлгөн иш чарада Казакстанда майлуу үрөөн секторунун өнүктүрүлшү, келечеги жана коркунучтары тууралуу маселелер талкууланды.

Казакстандын айыл  - чарба министри Сапархан Омаров конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Казакстанда майлуу үрөөн өндүрүү жана эгин аянттарынын күн өткөн сайын кеңейип бара жаткандыгын белгилеп : «2019 -  жылы майлуу үрөөн эгүү аянттары 1, 2 миллион гектар болгон болсо бул жылы 2, 9 миллион гектарга жетти»,- деди.

Казакстандын майлуу үрөөн түрлөрүн өндүрүү менен бирге үрөөндөрдү иштеткендигине да көңүлдөрдү бурган Омаров казак майлуу үрөөн продукцияларынын сапаттуу экендигин, ошондуктан продукцияларга талаптын көп экендигин да билдирди.

Омаров майлуу үрөөн продукцияларынын экспортунун жыл өткөн сайын арткандыгын белгилеп, майлуу үрөөн продукцияларынын 40 пайызынын чийки түрүндө экспорттолгондугун билдирди.

Өткөн жылы майлуу үрөөн экспортунун 2017 -  жылга караганда 21, 6 пайызга өсүп, 1 миллион тоннага жеткендигин айткан Омаров : «Биз дагы көп экспорт кыла алабыз, бирок максатыбыз чийки зат түрүндө эмес, даяр продукция экспорттоо»,- деди.

Омаров Казакстанда жыл сайын 2 миллион тонна көлөмдүү 52ге жакын  майлуу үрөөн иштетүү заводдун иш алып баргандыгын сөздөрүнө кошту.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар