Азербайжан-Түркия Жогорку рангадагы аскердик диалогунун 12-жыйналышы...
Азербайжандын Коргоо министрлигинин жарыясына караганда жыйналышта эки өлкөнүн ортосундагы аскердик карым-катнаштардын абалы жана келээрки мезгилде боло турган иш-чаралар сүйлөшүлөт.
1300080
Азербайжан-Түркия Жогорку рангадагы аскердик диалогунун 12-жыйналышы борбор калаа Бакуда эртең башталат.
Азербайжандын Коргоо министрлигинин жарыясына караганда жыйналышта эки өлкөнүн ортосундагы аскердик карым-катнаштардын абалы жана келээрки мезгилде боло турган иш-чаралар сүйлөшүлөт.
Түрк делегациясына Башкы штабдын экинчи башчысы, генерал полковник Метин Гүрак, Азербайжандын делегациясына коргоо министринин орун басары, генерал полковник Керим Велиев жетекчилик кылат.
Жыйналыш 7-ноябрда соңуна чыгат.
Эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтык темаларына баа берилген Жогорку рангадагы аскердик диалог жыйналыштары 2007-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп турат.