Абдуллах Эрен:«Түркиядан Германияга көчкөндөр ал өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошууда»

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Эрен, Германияга көчүүнүн 58 жылдыгы тууралуу өз сереп салууларын жасады.

1298445
Абдуллах Эрен:«Түркиядан Германияга көчкөндөр ал өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошууда»

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) башчысы Абдуллах Эрен, Түркиядан Германияга көчкөндөрдүн ал өлкөнүн бир гана жумуш күчүнө эмес, экономикалык, саясий, социалдык жана маданий түзүлүшүнө дагы салым кошконун айтты.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Эрен, Германияга көчүүнүн 58 жылдыгы тууралуу өз сереп салууларын жасады.

Европа өлкөлөрүнүн Европада түрктөрдүн болушун байлык катары көрүшү керектигине басым жасаган Эрен, сөзүн мындай улантты: «Өткөн убакта бир гана Германиянын жумуш күчүнө эмес экономикалык, саясий, социалдык жана маданий түзүлүшүнө дагы активдүү салым кошкон процесс пайда болду. Бул процессте бир тобу тилин дагы билбеген бул өлкөдө бир-бирден ийгилик аңгемесинин баатырлары болгон биринчи муун бүгүнкү күндө төртүнчү муунга жеткен абалда. Бул жаш жана динамикалуу муунубуз күн өткөн сайын дагы жабдылган түрдө болгон коомчулукка жана бул жердеги байлыгыбызга сапаттуу салымдарды кошуп жатканда ата мекен жана эне тили менен дагы байланышын үзбөстөн эки өлкөнүн карым-катнаштарында маанилүү үлүшкө ээ болот деп ишенемин».

Билдирүүдө айрыкча 58 жыл мурда 1961-жылы 30-октябрда Германиянын Бонн шаарында кол коюлган «Жумушчу күчүн алуу» келишими менен биринчи баскычта 2500 Түрк атуулунун Германияга көчкөнү баса белгиленди.

Түрк атуулдарынын арадан өткөн мөөнөттө Германияда саясаттан экономикага, маданияттан спортко чейин коомчулуктун бардык тармагында болушун улантканы белгиленген билдирүүдө, 3,5 миллиондон ашуун калкынын саны болгон Түрк жарандарынын төртүнчү муунга жеткени, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) чет өлкөдөгү бардык атуулдар үчүн болгону сыяктуу Германиядагы атуулдар үчүн да билим берүү, маданият, укук сыяктуу бир топ тармакта долбоорлорду ишке ашырып жатканы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар