Казакстан куш тумоосу болбогон өлкө деп жарыяланды
Казакстандын айыл - чарба министрлигинен берилген маалыматта бул ийгиликке айыл - чарба министрлиги жана ветеринардык мекемелердин саясында жетишилгендиги белгиленди.
Казакстан Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгы уюму тарабынан куш тумоосу болбогон өлкө деп жарыяланды.
Казакстандын айыл - чарба министрлигинен берилген маалыматта бул ийгиликке айыл - чарба министрлиги жана ветеринардык мекемелердин саясында жетишилгендиги белгиленди.
Канаттуулар чарбачылыгынын Казакстандын айыл - чарба өнөр жайынын негизги курамдарынан экендиги баса белгилеген маалыматта : «Казакстандын куш тумоосу чыкпаган өлкө деп жарыяланышы, өлкөнүн айыл - чарба тармагындагы экспорт потенциалынын ишке ашырылышына мүмкүнчүлүк түзөт, өлкө экономикасынын өнүгүшүн жана имиджине оң таасир берет»,- деп билдирилди.
Дүйнөлүк масштабда жаныбарлардын саламаттыгынын жакшыртылышынан жооптуу Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгы уюмунун борбору Франциянын борбор шаары Парижде.