Анкаранын Этимесгутунда «Кыргызстан күнү» кечеси өттү

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Этимесгут муниципалитети менен биргелеше Анкара шаарында «Кыргызстан күнү» кечесин өткөрдү.

1265614
Анкаранын Этимесгутунда «Кыргызстан күнү» кечеси өттү
ETİMESGUT DEVAM9.jpg
ETİMESGUT DEVAM12.jpg
ETİMESGUT DEVAM8.jpg

Анкаранын Этимесгут муниципалитетинин Эл аралык 16-Анадолу күндөрүнүн маданият жана искусство фестивалынын алкагында  2019-жылдын 4-сентябры «Кыргызстан күнү» деп белгиленген. Мына ушул жышаананын негизинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Этимесгут муниципалитети менен биргелеше Анкара шаарында «Кыргызстан күнү» кечесин өткөрдү.

Бул иш-чаранын негизинде Элчилик тарабынан «Кыргыз Павильону» уюштурулуп Кыргыздын кол өнөрчүлүк буюм тайымдары, улуттук кийимдери жана Кыргызстандагы туризм тууралуу китепчелер орун алды. Ошондой эле иш-чаранын алкагында КРнын эл артисти Күмөндөр Абылов менен бир туугандары Тилекгүл Абылова, Канат Мукун Абылов жана Антальядагы кыргыз жаш таланттарынан турган топтун концерти болду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев, муниципалитеттин башчысы Энвер Демирель, Кыргызстандын Түркиядагы ардактуу консулу Мустафа Курт, жергиликтүү башкаруу кеңешинин депутаттары, башка шаарлардын жетекчилери, Түркиянын министрлик жана ведомстволорунун өкүлдөрү, дипломаттар, кыргыз мекендештердин өкүлдөрү, кыргыз студенттер жана жергиликтүү калктан турган калың көрүүчүлөр катышты.

Келген эл чоң экрандан Кыргызстан тууралуу слайттарды көрүп, кыргыздын ыр-бийлерине күбө болушту.



Тектеш кабарлар