Каспий экономикалык форуму

Форумдун алкагында «Инновациялык технологиялар» көргөзмөсү да уюштурулду.

1258705
Каспий экономикалык форуму

 

Каспий деңизине жээктеш өлкөлөр Түркмөнстандын кожоюндугунда биринчи жолу уюштурулган Каспий экономикалык форумунда жолугушту.

Баш калаа Ашхабаттагы «Аваза» конгресс борборунда уюштурулган форумдун алкагында «Инновациялык технологиялар» көргөзмөсү да өткөрүлдү.

Көргөзмөдө жаңы үлгүдөгү унаалардан айыл чарба азыктарына чейин, салттуу жибек токумадан түркмөн ашканасына чейин көптөгөн буюм жана тамак аштар көрсөтүлдү.

Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов жана берки өлкөлөрдүн башчылары аймактын дүйнөлүк экономикадагы орду жана ролуна басым жасап сөз сүйлөштү.

Каспий экономикалык форумдун экинчиси 2020-жылы Орусиянын Астрахань шаарында өткөрүлөт.

 



Тектеш кабарлар