Түрк кеңеши Венгрияда кеңсесин ачат

Бул тууралуу Түрк Кеңешинин катчылыгы маалымат бөлүштү.

1248308
Түрк кеңеши Венгрияда кеңсесин ачат

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (Түрк Кеңеши)мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлигинин орун басарлары Стамбулда чогулду.

Түрк Кеңешинин баш катчысы Багдад Амиреевдин жетекчилигинде чогулган жыйналышка Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран, Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Рамиз Хасанов, Казакстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Мухтар Түлеберди, Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айбек Омокеев менен Кеңештин байкоочу мүчөсү Венгриянын тышкы иштер министринин жана соода министринин орун басары Тамас Менцер катышты.

Жыйналышта Венгрияда Түрк Кеңешинин кеңсесин ачуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Тараптар, Кеңештин Азербайджандын борбору Бакуда боло турган 7-Саммитине даярдануу процесси менен биргеликте Нахчыван Келишиминин 10 жылдыгына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Чогулушта Амреев:

“ Чогулушта Венгрияда Түрк Кеңешинин таанытуу кеңсесинин курулуусуна байланыштуу Меморандумга акыркы формасын бердик. Октябрь айында Бакуда боло турган 7-Түрк Кеңешинин саммитине  байланыштуу иш чаралар жөнүндө кеңири маалыматтарды алдык. Буга кошумча Казакстандын сунушу боюнча Түрк кызматташтык уюмдарынын структуралык реформаларын да сүйлөштүк”,-деп билдирди.

Европада өкүлчүлүк ачуу процессине да токтолгон Амреев, азырынча мүчө боло элек Түркмөнстан жана Өзбекстан менен боло турган “ Келечектеги орток иш-аракеттерди” да айта кетти.

Венгрияда ачыла турган кеңсе тууралуу меморандумдун акыркы формасы алдыдагы күндөрдө Тышкы иштер министрлеринин бекитүүсүнө сунушталат.



Тектеш кабарлар