Азербайжанда аскердик учак кулап түштү

Азербайжандын Коргоо министрлигинин маалыматында, учактын радардан жоголуп кеткендиги белгиленди.

1242077
Азербайжанда аскердик учак кулап түштү

 

Азербайжанда машыгуу үчүн учкан «MiG-29» үлгүсүндөгү аскердик учак жерге кулап түштү.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Азербайжандын Аба күчтөрүнө караштуу учактын кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 22.00де радардан жоголуп кеткендиги белгиленди.

Машыгуу учуусун ишке ашырып жаткан учактын Каспий деңизине түшүүсү мүмкүн экендиги, учактын пилоту үчүн издөө-куткаруу иштеринин баштатылгандыгы малымдалды.



Тектеш кабарлар