Казакстандагы жарылууда каза болгон киши саны экиге чыкты
Жаралуу санынын 89га жеткендиги билдирилди.
Казакстандын Түркстан аймагында армияга таандык ок - дары сактоочу жерде кечээ чыккан өрттөн улам жарылуулар болуп каза болго кишилердин саны экиге чыкты. Жаралуу санынын 89га жеткендиги билдирилди.
Казакстан саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматта да Түркстандын Арыс шаарында армияга таандык ок - дары сактоочу жерде өрт чыгып, өрттөн улам чыккан жарылууларда эки кишинин каза болгондугу, 89 кишинин жаралангадыгы, алардын ичинен 18нин бала экендиги белгиленди.
Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев ооруканалардагы жаралууларды жана жакын райондордо курулган эвакуаңия борборлорундагы Арыс шаарынын тургундарын барып көрүп абалы тууралуу маалымат алды.
Кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дө Түркстан аймагынын Арыс шаарынын жакындарындагы ок - дары сактоочу жерде жарылуу болуп, 39 миңден ашуун шаар тургуну коңшу райондордо курулган лагерлерге жайгаштырылган. Курал сактоочу жерде чыккан өрттүн себебин иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, коргоо министрлиги ок - дарынын жарымынын жарылгандыгын билдирген.