Казакстанда жарылуу болду

Түркстан аймагындагы Арис шаарында аскердик ок-дары кампасында удаама-удаа жарылуу болду.

1224252
Казакстанда жарылуу болду

Казакстандын Түркстан аймагындагы Арис шаарында аскердик ок-дары кампасында удаама-удаа жарылуу болду.

Жарылуулардын себебинен чыккан өрттө 16 киши жаракат алды.

Өрттү өчүрүүгө көп сандаган өрт өчүргүч жана тез жардам топтору барды.

Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаев, социалдык медиадан бөлүшүүсүндө жарылуу себеп болгон кыйроонун калыбына келтирилиши жана керектүү чаралардын көрүлүшү үчүн коргонуу жана ички иштер министрлерине буйрук берилгенин жарыялады.

Токаев: «Элдин коопсуздугу камсыздалышы керек жана жарылуунун себеби изилдениши керек»,-деп айтты.

Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

43 миң калктуу Арис шаарынан эвакуация иштери башталды.

Коргоо министри Нурлан Эрмекбаев, аймакка барып иликтөөлөрдү жүргүздү.

Коргоо министринин орун басары Бакыт Курманбаев да, министрликтин атынан атайын курулган комиссиянын аймакка жөнөтүлгөнүн, куралдуу күчтөрдүн атайын топторунун окуя болгон жерде коопсуздукту камсыздаганын белгилеп: «Элдин дүрбөлөңгө түшпөстөн эвакуация кылынуучу жерлерге барууларын өтүнөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар