Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди

Улуттук илимдер академиясынын имаратында өткөрүлгөн эскерүү программасында жазуучу тууралуу эскерүүлөр билдирилип, ал тууралуу даректүү филим көрсөтүлдү.

1215906
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди

 Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучу Чыңгыз Айтматов каза болушунун 11 -  жылында көрүстөнүндө эскерилди. Айтматовдун Кыргызстандын борбор шаары Бишкектеги Ата Бейит мемориалдык кабырында үй  - бүлөсү жана кесиптештери гүл коюп, дуа кылышты.

Улуттук илимдер академиясынын имаратында өткөрүлгөн эскерүү программасында жазуучу тууралуу эскерүүлөр билдирилип, ал тууралуу даректүү филим көрсөтүлдү.

Чыңгыз Айтматов Талас облусунун Шекер айылында 1928 -  жылы 12 -  декабрда төрөлгөн.

Адабий эмгектери менен бирге өлкөнүн Люксембург, Бельгия жана Нидерландия элчиси катары да кызматтарды аткарган Айтматов Европа Биримдиги, Түндүк Атлантика Келиши Уюму НАТО, ЮНЕСКОдо өлкөнүн өкүлү болду.

Чыгармалары 157 тилге которулган Айтматов 2008 -  жылы май айында бир орус телекөрсөтүү каналы менен даректүү фильм тартуу үчүн барган Татарстандын борбор шаары Казанда ооруп, дарылануу үчүн алып барылган Германияда 10 -  июнь күнү дүйнөдөн кайтты.



Тектеш кабарлар