Элчи Өмүралиев Кечиөрен муниципалитетинин башчысы менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Анкара шаарынын Кечиөрен жергиликтүү аймагынын жетекчиси Тургут Алтынок менен жолугушуусу болуп ѳттү.

1209928
Элчи Өмүралиев Кечиөрен муниципалитетинин башчысы менен жолукту
ALTINOK-OMURALIYEV2.jpg

Пресс-релиз

2019-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Анкара шаарынын Кечиөрен жергиликтүү аймагынын жетекчиси Тургут Алтынок менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Тараптар Кечиөрен жергиликтүү аймагы менен Бишкек шаарынын Ленин районунун ортосундагы достук жана боордоштук байланыштарынын мындан ары да ар түрдүү тармактарда кызматташтыгын өнүктүрүү жана аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жетекчилеринин ѳз ара сапарларын жүзөгө ашыруу зарылчылыгын белгилешти.

К.Өмүралиев мурда Кечиөрендин аймагында эки сейил паркынын; “Ч.Айтматов” паркы жана “Кыргызстан-Манас” паркы деп аталышына ыраазычылыгын билдирди. Т.Алтынок учурда “А.Айтматов” жана “Кыргызстан-Манас” атындагы парктарда көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу билдирди.

К.Өмүралиев жана Т.Алтынок үстүбүздѳгү жылдын декабрь айында кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун туулган күнүнѳ карата паркка Ч.Айтматовдун эстелигин тургузуу жана Кечиөрен жергиликтүү аймагынын алдындагы аянтка Манастын эстелигин тургузуу, Кечиөрен жергиликтүү аймагы тарабынан ар жылы уюштурулуп келе жаткан маданий фестивалга Кыргызстандан топтордун катышуусу, ошондой эле кыргыз ашканасы үчүн Кечиөренден жер тилкесин бѳлүп берүү маселелери боюнча макулдашышты.

 



Тектеш кабарлар