Кыргызстанда экс-президент Атамбаев КСДПдан чыкты

Ал КСДПнын саясий кеңешин да башкара албайт.

1208199
Кыргызстанда экс-президент Атамбаев КСДПдан чыкты

Бүгүн Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын төрагалыгын тапшырып, курамынан кеткенин расмий жарыялады. Ал КСДПнын саясий кеңешин да башкара албайт. Cебебеи экс-президенттер жөнүндөгү мыйзам парламент тарабынан кабыл алынып, ага президент кол койгон соң, Атамбаевдин абалы кыйла оорлошо түшкөн. Күчүнө кирген жаңы мыйзам боюнча Атамбаев партияны жетептеп, же партия курамында болуп активдүү саясатка аралаша турган болсо, анын мыйзамда каралган укуктары алынып салынат.

Эгер саясий кеңешти башкара турган болсо, саясий иштерге аралашып, саясий ишмердүүлүгүн активдүү улантууда деп эсептелет. Партияны парламент депутаты, партия төрагасынын орун басары Асел Кодуранова убактылуу жетектей турган болду. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева, социалдык медиа барагынан жарыялады.

Атамбаевдин бул кадамы алсыз болуп калганын, күрөшүүгө дарамети жетпей баратканын көрсөттү. Жаңы мыйзамга кол коюу менен бул раундду Сооронбай Жээнбеков утту.

Жыйналыштан кийин партиянын социалдык медиа барагынан берилген маалыматта болсо, президент Сооронбай Жээнбековдун жемкорлук менен күрөшүү саясаты сындалды жана кечээ Атамбевдин жакын жан сакчылыгын кылган Дамир Мусакеевдин камакка алынышына каршылык көрсөтүлдү.

Кыргызстанда 2011-2017-жылдар аралыгында президент болгон Атамбаев, орундугун КСДП тарабынан президенттик үчүн талапкер көрсөтүлгөн жана шайлоону жеңген Жээнбековго өткөрүлгөн болчу.

Парламентте кабыл алынган жана Президент тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын экс-президенти тууралуу мыйзамда “Кыргыз Республикасынын экс-президенти мамлекеттик бийлик органдарында саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө, ошондой эле саясий партиянын жетектөөчү органдарындагы кызмат орундарын ээлөөгө же болбосо саясий партиянын ишине башкача түрдө катышууга тийиш эмес.

Кыргыз Республикасынын экс-президенти ушул статьянын 3-бөлүгүндө белгиленген чектөөлөрдү сактабаган учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин актысы менен ага ушул Мыйзамда каралган бардык кепилдиктерди берүү, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен материалдык жана башка камсыз кылуу токтотулат.” деп каралган. Атамбаевди мыйзам боюнча эч ким саясатка аралашпа, саясий партияны жетектебе деп тыюу салбайт. Болгону, саясатка кайрадан активдүү аралаша турган болсо, мыйзамда каралган кепилдиктер алынып салынып, катардагы саясатчылар менен бирдей деңгээлде иш жүргүзө берсе болот. Кол тийбестик деген түшүнө дагы кирбейт.

 



Тектеш кабарлар