Элчи Өмүралиев Анкара шаарынын мэри менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолукту.

1207918
Элчи Өмүралиев Анкара шаарынын мэри менен жолукту
BÜYÜKELÇİ OMURALIEV-M.YAVAŞ2.jpg

17-майда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолукту.

Элчи Өмүралиев  Мансур Явашты шаардын мэри болуп шайланышы менен куттуктап, ийгилик каалады.

Эки тарап Анкара менен Бишкектин тууган шаарлар катары бардык тармактагы карым-катнаштарын өнүктүрүү керектигин жана ушунун негизинде шаар башчыларынын эки тараптуу визиттеринин ишке ашырылышы керектигин баса белгилешти.

Экономикалык жана социо-маданий карым-катнаштарды өнүктүрүү, туризмди өнүктүрүү, ишкерлер чөйрөсүнүн түздөн-түз байланышын арттыруу жана эки өлкөнүн жарандарынын агымын жүргүзүү үчүн Анкара-Бишкек авиакаттамынын жумасына 2-3 жолу каттагыдай түрдө ачылуусу сүйлөшүлдү.

Мансур Яваш Элчинин Анкара-Бишкек авиакаттамын ачуу тууралуу сунушун колдоп, бул маселени Анкаранын Соода палатасына мүчө ишкерлер менен сүйлөшүүнү жана ошондой эле жогоруда айтылган маселелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.



Тектеш кабарлар