Азербайжан армиясы кенен масштабдуу машыгуусун баштады

Машыгуу 24 -  майга чейин улантылат.

1204756
Азербайжан армиясы кенен масштабдуу машыгуусун баштады

Азербайжан армиясы 10 миң аскер катышкан кенен масштабдуу машыгуусун баштады.

Коргоо министрлигинен берилген маалыматта президент Илхам Алиев бекиткен план боюнча коргоо министри Закир Хасановдун командирлигинде уюштурулган машыгууга армиянын түрдүү командирликтерине караштуу бөлүктөрдүн катышкандыгы билдирилди.

Машыгууда душман буталарына карата операциялар жүргүзүлөт жана түрдүү бөлүктөрдүн арасындагы шайкештиктин кандай деңгээлде экендиги белгиленет.

Түнү жана күндүз улантыла турган машыгуу 150 танк жана ок өткөрбөс унаа, 200 ракета жана артиллериялык система, 35 учак жана тик учар катышууда.

Машыгуу 24 -  майга чейин улантылат.



Тектеш кабарлар