"Армения басып алган жерлерди банги зат үчүн колдонууда
Азербайжандын премьер - министри Новруз Меммедов Армения басып алган Азербайжан жерлерин банги зат өндүрүүчүсү жана алып өтүү жолу катары колдонгондугун айтты.
Азербайжандын премьер - министри Новруз Меммедов Армения басып алган Азербайжан жерлерин банги зат өндүрүүчүсү жана алып өтүү жолу катары колдонгондугун айтты.
Азербайжандын борбор шаары Бакуда 36 - Эл аралык банги заттар менен күрөшүү конференциясы башталды.
Азербайжан өкмөтү жана АКШнын адилеттик министрлиги банги зат менен күрөшүү мекемесинин биргелеше өткөргөн конференциянын ачылуу жыйынына Меммедов, АКШнын тышкы иштер министрлигинин эл аралык банги заттар жана мыйзамдуу санкция бюросунун жетекчиси Ричард Глин, азербайжандык министрлер жана 130дан ашуун өлкөдөн көп сандаган жетекчи катышты.
Азербайжандын премьер - министри Меммедов жыйында сүйлөгөн сөзүндө банги зат колдонуунун дүйнө үчүн абдан чоң маселе болууну уланткандыгын белгилеп, банги заттын ошол эле учурда террордун акча булагы катары эл аралык коопсуздукту да коркунучка салгандыгын айтты.
Азербайжандын Тоолуу Карабах аймагы жана тегерегиндеги облустардын 25 жылдан ашуун убакыттан бери Армениянын кол астында экендигин эске салган Меммедов : «Басып алуу эл аралык терроримзди жана мыйзам тышы банги зат сатуу үчүн ылайыктуу шарттарды жаратууда. Армения басып алынган Азербайжан жерлерин банги зат өндүрүү жана ташуу жолу катары колдонууда»,- деди.
Вице - премьер - министр Али Хасанов да сөзүндө ушул эле маселеге көңүлдөрдү буруп, армяндар басып алган Азербайжан жерлеринде банги зат өндүрүп сатышкандарын, кирген кирешеге курал алышкандарын белгиледи.
Дүйнөдө банги зат өндүрүү жана колдонуунун барган сайын күчөп бара жаткандыгын белгилеген Хасанов : «Бул да кийлигишүү методдорунун жергиликтүү эмес экендигин көрсөтүүдө. Тийиштүү келишимдерди кайрадан карап чыгуубуз керек. Дини, тили, улуту эмне болсо болсун баары банги заттар менен күрөшүүсү керек»,- деди.