Түрк аба жолдору Анкара-Бишкек-Анкара каттамын баштайбы?

Түрк аба жолдорунун (THY) Бишкектеги жаңы борбордук кеңсеси азем менен ачылды.

1182483
Түрк аба жолдору  Анкара-Бишкек-Анкара каттамын баштайбы?
thy biskek2.jpg
thy biskek1.jpg

Түрк аба жолдорунун (THY) Бишкектеги жаңы борбордук кеңсеси азем менен ачылды.

Билет сатуу жана башкаруу кеңсесинин ачылышы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев, Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фырат, Түрк аба жолдорунун Азия жана Ыраакы Чыгыш боюнча сатуу башчысынын орун басары Тунжай Эминоглу жана айрым жооптуу кызматкерлер тарабынан жасалды.

Аземде сөз сүйлөгөн Ногойбаев, Кыргызстандын THY менен тыгыз кызматташтык кылганын белгилеп: «Кызматташтыгыбызды өнүктүрүп кеңейтүүдөбүз. THY, Стамбул-Бишкек-Стамбул жана Стамбул-Бишкек-Улан-Батор каттамдарын ишке ашырууда. Бүгүн абдан өзгөчө күн. Стамбулда жаңы аэропорт ачылган убакта THY Бишкекте жаңы кеңсесин тейлөөгө киргизип жатат. Ар кимдин жолу ачык болсун.Жаңы кеңсебиз пайдалуу болсун»,-деп айтты.

Элчи Фырат да THYнын Бишкектеги кеңсесинин пайдалуу болушун тилеп, «THY көздөлгөн фирмабыз, улуттук желегибизди желбиретип жүрөт жана Түркиянын эң баалуу маркасы болуп саналат»,-деди.

Кыргызстан менен Түркиянын тууган жана дос өлкө болгонун айткан Фырат: «Бул эки өлкөнүн ортосундагы достук көпүрөсүн THY камсыздап жатат»,-деп айтты.

Фырат, THYдан Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамдары менен катар Анкара-Бишкек-Анкара жана Бишкек-Ош каттамдарын баштоосун сурангандарын айтты.

Тунжай Эминоглу да, THYнин дүйнөнүн эң жаш флотуна ээ болгонуна басым жасап, дүйнөдөгү 307 жерге каттаган THYнин эң көп жерге каттаган аба жолу фирмасы наамына ээ.

Эминоглу, THYнин Кыргызстанга 1996-жылдын май айында жумасына эки жолу каттай баштаганын, бүгүнкү күндө болсо аптада 17 каттамды ишке ашырып жатканын айтты.

Эминоглу, алдыбыздагы мезгилде Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда дагы көп каттамдарды ишке ашырып өнүгүүнү каалагандарын кошумчалады.

 



Тектеш кабарлар