Казакстан президенттик эрте шайлоого барылат

Казакстандын президенти Касым – Жомарт Токаев президенттик үчүн 9 -  июнда эрте шайлоого барыларын жарыялады.

Казакстан президенттик эрте шайлоого барылат

Казакстандын президенти Касым – Жомарт Токаев президенттик үчүн 9 -  июнда эрте шайлоого барыларын жарыялады. Токаев мамлекеттик телекөрсөтүүдөгү элге кайрылуусунда президенттик үчүн эрте шайлоого барыларын белгилеп : «9 -  июнда президенттик шайлоону өткөрүү чечимин чыгардым»,- деди.

Куруучу президент Нурсултан Назарбаевдин саясында ийгиликтүү жана сыйлуу мамлекет курушкандарын айткан Токаев : «Казакстан эл аралык коомдо маанилүү орунга ээ болду. Өлкөбүздү бүткүл дүйнө кабыл алууда. Эми биз тарыхый бир окуяны жашап жатабыз. Казакстанда бийлик ырааттуу абалда конституцияга ылайык өзгөртүлдү. Бул кадам эл аралык коомдун Казакстанга болгон урмат  - сыйын арттырды»,- деди.

Эрте шайлоонун керектүү экендигин баса белгилеген Токаев : «Саясий жана коомдук шайкештикти түзүү, социалдык жана экономикалык максаттарга жетүү үчүн ишенимдүү кадамдар менен алдыга жылуу жана белгисиздикти жоюу керек. Дүйнөдө абал биз үчүн жакшы болбогон бир багытка карай өзгөрүп баратат. Өлкөбүздүн ички жана тышкы саясатынын улантылышын, ырааттуулугун бекитишибиз керек»,- деди.

Казакстандын демократиялык бир өлкө экендигин жана президенттин элдин эрки менен шайланарын айткан Токаев : «Президент катары шайлоонун ачык жана адилеттүү өтөрүнө кепилдик берем»,- деди. Токаев андан кийин президенттик шайлоонун 9 -  июнда өткөрүлөрүнө байланыштуу жарлыкка кол койду.

Казакстанды 28 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев 19 -  мартта президенттиктен баш тарткандыгын билдирип, арызына байланыштуу жарлыкка кол койгон. Жарлыкта конституциянын негизинде президенттик жоопкерчликтерин Токаевге өткөрүп бергендигин белгилеген.

20 -  мартта өткөрүлгөн ант берүү аземи менен убактылуу президент болгон Токаевдин кызмат мөөнөтү 2020 – жылы акырына чыкмак.



Тектеш кабарлар