Путин менен Алиев сүйлөшүү өткөрдү

Кремль сарайынын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Путин менен Алиев телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1175879
Путин менен Алиев сүйлөшүү өткөрдү

Орусиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Тоолуу Карабах маселесин сүйлөштү.

Кремль сарайынын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Путин менен Алиев телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Анда, Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск процессинин алкагында Тоолуу Карабах маселесине чечүүчү жол табуу темасында Орусиянын жардам берүүгө даяр болгону белгиленди.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Тоолуу Карабах маселесинин чечилишине байланыштуу 29-мартта Австриянын борбор шаары Венада жолугушканы эске салынган билдирүүдө, «Путин, Баку жана Еревандын ортосундагы сүйлөшүү процессинин тездетилишинин маанисин баса белгиледи»,-деп айтты.

Анда, тараптардын эки тараптуу кызматташтыгынын күчтөндүрүлүшү темасында макулдашкандары да белгиленди.



Тектеш кабарлар