Алиев менен Пашинян Тоолуу Карабах тууралуу сүйлөшүүдө

Жолугушуунун экинчи баскычында болсо лидерлер жекеме – жеке сүйлөшөт.

1173346
Алиев менен Пашинян Тоолуу Карабах тууралуу сүйлөшүүдө

 Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер  - министри Никол Пашинян Тоолуу Карабах маселесин карап чыга турган биринчи расмий сүйлөшүү үчүн Австриянын борбор шаары Венада жолугушту.

Армения өкмөтүнөн берилген маалыматка караганда Алиев менен Пашинян Тоолуу Карабах маселесин сүйлөшө баштады.

Спутник маалымат агенттигинин билдиргенине караганда жолугушууга эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери, Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун (ЕККУ) Минск группасынын өкүлдөрү, ЕККУнун мезгилдик башкаруучусунун өкүлү катышты.

Жолугушуунун экинчи баскычында болсо лидерлер жекеме – жеке сүйлөшөт.

Азербайжандын президенттик катчысы Хикмет Хажыев да жолугушуунун башталгандыгын ырастады. Хажыев твиттерден Бакунун, кризистин ЕККУ чечими, Хельсинки акыркы акты жана эл аралык мыйзамдын негизинде чечилишин жакташкандарын айтты.

Мыйзамдуу түрдө Азербайжандын бир бөлүгү болгон Тоолуу Карабахты Армения басып алган.



Тектеш кабарлар