Орусия - Кыргызстан ортосунда аскердик кызматташуу

Орусиянын президенти В. Путин Кыргызстан менен аскердик  - техникалык тармакта кызматташууну күчтөндүрүү тууралуу келишкендерин айтты.

Орусия  - Кыргызстан ортосунда аскердик кызматташуу

Орусиянын президенти В. Путин Кыргызстан менен аскердик  - техникалык тармакта кызматташууну күчтөндүрүү тууралуу келишкендерин айтты.

Орусиянын президенти В. Путин расмий сапар менен барган Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбеков менен борбор шаар Бишкекте Ала -  Арча резиденциясында жолугушту.

Эки лидер жолугушкандан кийин делегациялар аралык жолугушуунун жалпыга маалымат каражаттарына ачык бөлүгүндө сөз сүйлөгөн Жээнбеков Орусиянын жакын, ишенимдүү союздаш, негизги жана узун мөөнөттүү стратегиялык өнөктөш экендигин баса белгиледи.

Жээнбеков : «Орусия менен карым  - катнаштарыбызга жана стратегиялык кызматташтык өнөктөштүгүбүзгө ар дайым маани беребиз. Путиндин жеке колдоосунун саясында эки тараптуу кызматташуубуз жогорку деңгээлге жетти»,- деди.

Кыргызстандын экономикасына Орусиянын колдоо бергендигин эске салган Жээнбеков : «Бүгүн кол коюла турган кызматташуу келишимдеринин эки өлкө элдеринин бейкуттугуна салым кошоруна ишенем»,- деди.

Орусиянын президенти В. Путин болсо жолугушуулардын эки өлкөнүн өнүгүшүнө жана кызматташууга салым кошорун белгилеп эки өлкөнүн экономика тармагындагы кызматташууда оң абалдардын болгондугун эске салды.

Путин : «Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө болушунан кийин Орусия менен Кыргызстандын арасында соода көлөмү өстү. Экономикалык кызматташуубузду өнүктүрүүнү каалайбыз»,- деди.

Эки өлкө аскердик  - техникалык тармактагы кызматташуусуна да токтолгон Путин : «Биз эки өлкөнүн аскердик бөлүктөрүнүн арасында байланышты күчтөндүрдүк. Биз бул кызматташуубуздун  улантылышына ишенем. Кыргызстан ишенимдүү союздаш жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Эки тараптуу жана эл аралык платформаларда иштедик жана иштөөнү улантабыз»,- деди.

Жээнбеков менен жолугушуудан мурда маалымат берген Путин Кыргызстандагы орус аскердик базасы тууралуу да маалымат берди. Орус лидер : «Орусия менен Кыргызстандын ортосунда аскердик жана аскердик  - техникалык тармакта кызматташууну бекемдөө тууралуу келиштик. Кыргызстандагы орус аскердик базасы өлкөнүн коргоо жөндөмдүүлүгүнө маанилүү өлчөмдө салым кошууда. Бул базанын болушу Орто Азияны коопсуздук жана ырааттуулугу үчүн маанилүү бир фактор»,- деди.

Орус лидердин сапарында Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда көпчүлүгү экономикалык болгон 6 миллиард долларлык 16 башка өкмөттөр аралык келишим, инвестиция келишими жана токтомго кол коюлду.



Тектеш кабарлар