Лукойл Өзбекстанда газ өндүрүүнү арттырды

Орусиянын нефть фирмасы Лукойл Өзбекстандагы жаратылыш газ өндүрүшүн өткөн жылы андан бир жыл мурункуга караганда 66, 7 пайызга өстүрүп, 13, 42 миллиард метр кубга жогорулатты.

1161205
Лукойл Өзбекстанда  газ өндүрүүнү арттырды

 Орусиянын нефть фирмасы Лукойл Өзбекстандагы жаратылыш газ өндүрүшүн өткөн жылы андан бир жыл мурункуга караганда 66, 7 пайызга өстүрүп, 13, 42 миллиард метр кубга жогорулатты.

Лукойлдан берилген маалыматта Өзбекстанда жаратылыш газ издөө жана өндүрүү иштерин аткарган фирманын 2017 -  жылы өлкөдө 8, 05 миллиард метр куб жаратылыш газ өндүргөндүгү билдирилди.

Жаратылыш газ өндүрүшүндөгү өсүүнүн фирманын өлкөдөгү жаңы газ тазалоо комплекстерин ишке киргизиши менен байланыштуу экендиги белгиленген маалыматта Лукойлдун Өзбекстанда газ өндүрүшүн өткөн жылы андан мурунку бир жылга караганда 66, 7 пайызга өстүрүп 13, 42 миллиард метр кубга чыгаргандыгы билдирилди.

Фирманын жетекчилери тарабынан андан мурда билдирилген маалыматта да 2020 -  жылы Лукойлдун Өзбекстанда жаратылыш газ өндүрүшүн 16 миллиард метр кубга чыгарууну күткөндүгүн белгилеген.

Өткөн жылы Лукойлдун Өзбекстандагы эң чоң инвестиция болгон жылдык 8 миллиард метр куб көлөмдүү Кандым Газ Комплекси ишке кирген.

Лукойл Өзбекстан өкмөтү менен 2046 -  жылга чейин жарактуу болгон продукция бөлүшүү келишиминин негизинде өлкөнүн Кандым, Хысар жана Хаузак очокторунан жаратылыш газ өндүрүүдө.

Дүйнөдө жаратылыш газ өндүрүүдө биринчи 10 өлкөнүн арасында орун алган Өзбекстандын 1, 1 триллион метр куб жаратылыш газ резерви бар.

Өзбек өкмөтү 2021 – жылга чейин нефть жана жаратылыш газ секторунда ишке ашырыла турган 78 долбоор үчүн жалпы 30, 4 миллиард долларлык инвестиция салууну максат кылууда.



Тектеш кабарлар