Азербайжан ПККга мүчө Өзгүр Думанды Түркияга кайтарып берет

Сотто террорист Өзгүр Думандын Түркияга экстрадиция кылынышына өкүм чыгарылды.

1159262
Азербайжан ПККга мүчө Өзгүр Думанды Түркияга кайтарып берет

Азербайжанда кармалган жикчил террор уюму ПККга мүчө Өзгүр Думандын Түркияга кайтарылып берилишине чечим чыгарылды.

Бакудагы Оор кылмыш жаза сотунда Адилет министрлигинин билдирүүсү боюнча Түркия жараны Өзгүр Думандын (29) өлкөсүнө кайтарылып берилиши боюнча чечим сүйлөшүлдү. Сотто террорист Өзгүр Думандын Түркияга экстрадиция кылынышына өкүм чыгарылды.

ПККга мүчө болуу жана жарылуучу затты сактоо кылмыштары менен издөө салынган Думан, Түркиядан Грузияга качкан.

Түркиянын эл аралык издөө токтомун чыгартышынан кийин Азербайжанга өткөн Думан, Азербайжан Мамлекеттик миграция кеңсесине кайрылып, документтерин жоготконун Сириянын атуулу экенин жактаган.

Жалган айтканы жана жикчил террордук уюм ПККнын мүчөсү болгону түшүнүктүү болгон Думан үчүн сот жараяны башталган.



Тектеш кабарлар