Кытай менен Казакстандын ортосунда 300 миллион долларлык келишим бекитилди

Министр Смаилов өзгөчө өлкөсүнүн кургак жол долбоорлору үчүн Кытайдан алган жалпы гарантиялуу карыздын 1, 2 миллиард доллар экендиги тууралуу маалыматты да бөлүштү.

1158345
Кытай менен Казакстандын ортосунда 300 миллион долларлык келишим бекитилди

 Казакстан парламенти бажы өткөөлдөрүнүн жакшыртылышы жана техникалык жактан камсыздалышы үчүн Кытайдын 2 миллиард юан башкача айтканда 300 миллион долларлык төмөнкү пайыздуу кредит бөлүүсүнө байланыштуу келишимди бекетти.

Казакстан парламентинин спикери Нурлан Нигматулин жетекчилик кылган парламент отурумунда депутаттар, Кытайдын Exim банкы тарабынан Евразия Экономикалык Биримдигинин Казакстан чек араларында орун алган бажы каалгаларынын модернизациясы долбоору үчүн 2 миллиард юан төмөнкү пайыздуу кредиттин берилишин күткөн алкактык келишимди бекитти.

Казакстан парламентинин басма сөз бюросунан берилген маалыматта Евразия Экономикалык Биримдигинин Казакстан чек арасындагы бажы өткөөлдөрүн жакшыртуу долбоорунун ишке ашырылышынын бажы текшерүүсүнө маалымат берүү үчүн ылайыктуу шарттарды түзөрү жана Казакстан менен Кытайдын арасындагы соода карым  - катнаштарга оң салым кошору белгиленди.

Казакстан улуттук экономика министри Алихан Смаилов журналисттерге берген маалыматта кредиттин 2 пайыз жана 20 жылдык мөөнөт менен берилерин айтты.

Министр Смаилов өзгөчө өлкөсүнүн кургак жол долбоорлору үчүн Кытайдан алган жалпы гарантиялуу карыздын 1, 2 миллиард доллар экендиги тууралуу маалыматты да бөлүштү.



Тектеш кабарлар