АКШ Борбордук күчтөр командири Вотел Өзбекстанда

Жозеф Вотел Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен борбор шаар Ташкентте жолугушту.

1149874
АКШ Борбордук күчтөр командири Вотел Өзбекстанда

АКШнын Борбордук күчтөрү  CENTCOMдун командири Жозеф Вотел Өзбекстанга сапар менен барды. Жозеф Вотел Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен борбор шаар Ташкентте жолугушту.

Эртең Ташкентте өткөрүлө турган Орто жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн башкы штабдарынын жыйынына катышуу үчүн өлкөгө барган CENTCOM командири Вотел президент Мирзиеев тарабынан кабыл алынды.

Мирзиеев жолугушууда өткөн жылы өткөрүлгөн Өзбекстан  - АКШ жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнүн эки өлкөнүн ортосунда кенен машстабдуу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы мезгилин баштаткандыгын, CENTCOM тарабынан уюштурулган Орто жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн башкы штабынын төрагалары жыйынынын азыркы күндө эң кыйын маселелеринен болгон Афганстан маселесине орток чечүүчү жолдун табылышы үчүн мүмкүнчүлүк экендигин айтты.

Өзбекстан менен АКШнын ортосундагы аскердик, техникалык жана коопсуздук тармагындагы кызматташуу маселелери каралган жолугушууда Вотел жыйындын Ташкентте өткөрүлүшүнө себеп болгондуктан Мирзиеевге  ыракмат айтты. Вотел жыйында Орто Азия аймагында тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүшүнө карата структуралык өнөктөштүктүн өнүктүрүлүшүнө ишенгендигин баса белгиледи. Вотел жолугушууларынын негизинде өзгөчө Өзбекстандын коргоо министри Бахадыр Курбанов менен жолугушту.

Өзбекстан куралдуу күчтөр академиясына да барган Вотел бул жерде да жолугушууларды өткөрдү.



Тектеш кабарлар