Тажикстан Өзбекстандан алган газын 4 эсе көбөйтөт

Бул тууралуу маалыматты «Тажиктрансгаз» мамлекттик башкармалыгынын башкы директорунун орун басары Шавкат Шаимзаде берди.

1135922
Тажикстан Өзбекстандан алган газын 4 эсе көбөйтөт

Тажикстан быйыл Өзбекстандан импорттогон жаратылыш газ көлөмүн орто эсеп менен төрт эсеге арттырат.

«Тажиктрансгаз» мамлекттик башкармалыгынын башкы директорунун орун басары Шавкат Шаимзаде, медиа мүчөлөрүнө берген маалыматында өлкөсүнүн өткөн жылы Өзбекстандан 54 миллион куб метрдик жаратылыш газ сатып алганын, быйыл болсо бул көлөмдү 4 эсе арттыра турганын маалымадды.

Шаимзаде Тажикстандын 2019-жылы Өзбекстандан орто эсеп менен 200 миллион куб метрдик жаратылыш газ сатып алууну пландаганын айтты.

Быйыл Өзбекстандын жарталыш газынын алынышына байланыштуу тараптардын арасында сүйлөшүүлөр башталганын айткан Шаимзаде, жакынкы убакта келишимге кол коюла турганын билдирди.

Тажик расмий макамдары мындан мурда, сатып алган Өзбекстандын жаратылыш газынын миң куб метри үчүн 120 доллар төлөгөнүн жарыялаган.

Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар оңдоло баштоосу менен 9 жылдык мөөнөттөн кийин Тажикстан Өзбекстанга кайрадан электр энергиясын экспортоого, Өзбекстан да Тажикстанга жараталыш газын бере баштаган.

Өзбекстанда жылына орто эсеп менен 60 миллиард куб метр жаратылыш газы өндүрүлсө, мунун маанилүү бөлүгү өлкө ичинде срапталат, 10-12 миллиард куб меьр жараталыш газ болсо Кытай, Орусия жана башка өлкөлөргө экспорттолот.



Тектеш кабарлар