Сапар Исаковго «коррупция» боюнча акыркы айып чыкты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат борборунун жарыясына караганда Бишкектеги ЖЭБдин модернизщацияланышы убагында "коррупция" кылынганы боюнча айыптоо тыянагы чыкканы маалымдалды.
Кыргызстанда 7 айдан бери камакта турган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго борбор шаар Бишкетеги ЖЭБдин модернизацияланышы долбоорунда мамлекетти 111 миллион доллардык зыянга учуратканы боюнча айып тагылды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат борборунун жарыясына караганда Бишкектеги ЖЭБдин модернизщацияланышы убагында "коррупция" кылынганы боюнча айыптоо тыянагы чыкканы маалымдалды.
Айыптоо тыянагында Исаковго караштуу айрым жооптуу кызматкерлер жана кишилердин мамлекетти 111 миллион 252 миң 797 америка долларындай зыянга учуратканы белгиленгени маалымдалды.
Бишкектеги ЖЭБдин модернизацияланышы долбоорун милдеттенген Кытай фирмасы менен түзүлгөн келишимдин туура эмес болгонуна басым жасалган айыптоо тыянагында, «Бишкектеги ЖЭБдин модернизацияланышы үчүн 2010-жылы Дүйнөлүк банктан 150 миллион доллар жана TBEA фирмасынан 200 миллион Америка доллар сунуш келгенин, бирок 2013-жылы Президенттик Тышкы саясат бөлүмүнүн башчылыгы кызматын аркалаган Исаков, саясий салмагын колдонуп Кытай өкмөтү тарабынан камсыздалган 386 миллион доллардык насыя менен ошол эле Кытайдын TBEA фирмасынын кызыкчылыгын көздөгөн келишим түзүп, ЖЭБдин модернизацияланышында башкы милдеттенген фирма болушун камсыздаганы түшүнүктүү болду»,деген сөздөргө орун берилди.
Кыргызстандын Башкы прокурорлугуна жөнөтүлүшү күтүлгөн айыптоо тыянаганынын кабыл алынган учурунда алдыбыздагы айда шектүүлөр сот алдына чыгат.
Бишекетеги ЖЭБде 2018-жылдын январь айында себеби так аныкталбаган бузуктуктун себебинен Бишкектеги үйлөргө, ооруканаларга, мектептерге жана бала бакчаларга 5 күн бою ысык суу жана жылуулук берилген эмес.
Бул маселени иликтеген Парламенттин Изилдөөчү комиссиясы жаңылоо иштеринин өлкөгө абдан чоң чыгым алып келгенин ачыкка чыгарган.