Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгү акырына чыкты

Казакстан 31 -  декабрдан баштап 2017 – 2018 – жылдагы мүчөлүк мөөнөтүн толтурду.

1117198
Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгү акырына чыкты

Орто Азия өлкөлөрүнүн арасында 2016 -  жылы БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу болбогон мүчө болуп шайланган биринчи өлкө Казакстан 31 -  декабрдан баштап 2017 – 2018 – жылдагы мүчөлүк мөөнөтүн толтурду.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу болбогон мүчөлүгү акырына чыккан Казакстан БУУнун тынчтык миссияларындагы тынчтык күчү санын арттырып, 7 жылдан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин делегациясынын Афганстанды зыярат кылышына мүмкүнчүлүк түздү. Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги иштеринде массалык жок кылуучу куралдарынын жайылышына тоскоол болуу, эл аралык кагылышуулардын чечилиши, Орто Азия жана Афганстанда коопсуздуктун күчтөндүрүлүшү, эл аралык террор менен күрөш, Африка континентинде тынчтык жана коопсуздуктун түзүлүшү жана башка темаларга алдыңкылыкты берди.

Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин делегациясынын 7 жылдык арадан кийин 2018 -  жылдын январь айында Афганстанга сапар менен барышына мүмкүнчүлүк түздү.

Өткөн жылы октябрь айында 120 аскерден турган тынчтык күчүн БУУнун Ливан убактылуу кызмат күчү миссиясына кошулуу үчүн Ливанга жиберген Казакстан ушундайча БУУнун тынчтык миссияларында аскер санын көбөйттү.

Казакстан тынктык күчү Ливанда аймакты иликтөө, байкоо жерлеринин түзүлүшү менен ок атышпоонун ишке ашышын иликтөө милдетин орундатып жаткан.

Казакстандын өткөн жылы сентябрь айында БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунуштаган «Терроризмге каршы дүйнө үчүн мамиленин эрежелери» документи 70тен ашуун БУУга мүчө өлкө тарабынан кол коюлду.

Документ террор менен күрөшүү тууралуу эл аралык милдеттерин ылдамдатууну жана 2045 -  жылга чейин дүйнөлүк масштабда терроризмге каршы кенен глобалдык бир коалициянын түзүлүшүн максат кылууда.

Казакстан өзгөчө алып барган иштеринин негизинде БУУнун Эритреяга карата курал эмбаргосун жана саякатка тыюу салууну камтыган санкциялардын жоюлушу менен бирге Сирия кризиси жана башка эл аралык кризистердин чечилишине карата сунуштарды сунуш кылып чакырууларды салды.

Казакстан 2016 -  жылы 28 -  июнда 193  өлкөдөн 138зинин колдоосу менен БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу болбогон мүчө болуп шайланган.

 



Тектеш кабарлар