Казакстанда Жибек Жолу өлкөлөрүнүн эл аралык туризм форуму

Форумга Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Германия, Румыния жана Испаниядан көп сандаган туризм адиси  жана конок катышууда.

1051970
Казакстанда Жибек Жолу өлкөлөрүнүн эл аралык туризм форуму

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуу кеңеши Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев Заманбап Жибек Жолу орток тур пакети долбоорунун бир гана туристтик демилге эле эмес, ошол эле учурда өнүгүү долбоору жана тажрыйба бөлүшүүдө маанилүү экендигин айтты.

Амреев Казакстандын борбор шаары Астанада «Биримдик жолунда» деген темадагы Жибек Жолу өлкөлөрүнүн Эл аралык туризм форумунун ачылуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө Түрк Кеңешинин Заманбап Жибек Жолу орток тур пакети долбоорунун уюмга мүчө өлкөлөрдүн туризм тармагындагы кызматташуусунун пайдубалын түптөгөндүгүн белгиледи.

Уюмга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бул тур пакетинин конкуренция күчүнүн арттырылышы багытында тийиштүү мекемелерге жолдомо бергендигин эске салган Амреев, тур пакетин дагы да өзүнө тартуучу абалга келиши үчүн түрк аба жолдору жана Air Astana аба жолу фирмаларынын колдоосуна муктаж болорун белгиледи.

Амреев «Заманбап Жибек Жолу орток тур пакети бир гана туристтик демилге эле болбостон ошол эле учурда өнүгүү долбоору жана тажрыйба бөлүшүүдө маанилүү каражат»,- деди.

Казакстан улуттук туризм фирмасы тарабынан өткөрүлгөн форумга Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Германия, Румыния жана Испаниядан көп сандаган туризм адиси  жана конок катышууда.

Интернеттин жардамы менен туризм кызматтарынын таанытылышы, эл аралык жүргүнчү жана аба жолдору транспорту, туризмге инвестиция потенциалынын арттырылышы жана Жибек Жолу өлкөлөрүнүн бир бирине карата пайда алып келе турган кызматташуу перспективалары карала турган форум эртең аяктайт.



Тектеш кабарлар