III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 4 өлкөнүн президенттери келет

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнөн маалымдашты.

1036472
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 4 өлкөнүн президенттери келет

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын, Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Венгриянын Премьер-министри катышаарын тастыкташты. Бул тууралуу 22-августта, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга жасай турган мамлекеттик визити боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында чакыруу бир катар мамлекет башчыларга жана түрдүү уюмдардын жетекчилерине жиберилген.

«Учурда жогорку даражалуу коноктордун жана чет элдик делегаттардын визиттерине даярдык көрүү иштери улантылып жатат. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына дагы кимдер келээри кийинчерээк так белгилүү болот», -деди Сыдыков.



Тектеш кабарлар