Вандагы кыргыздардан чыккан алгачкы офицерлер

4 жигит айылдын алгачкы офицерлери катары Түрк куралдуу күчтөрүнө (ТКК) кошулду.

1022459
Вандагы кыргыздардан чыккан алгачкы офицерлер

Түркиянын Ван облусунун Эржиш районуна караштуу кыргыз түрктөрү жашаган Улупамир айылынан 4 жаш улан Аскердик академияны бүтүрүп лейтенант даражасын алды.

4 жигит айылдын алгачкы офицерлери катары Түрк куралдуу күчтөрүнө (ТКК) кошулду.

Лейтенант даражасы менен Аскердик академияны бүтүргөн айыл күзөтчүлөрүнүн балдары Ибрахим Улу, Рамазан Эрол, Айкут Йигит жана Манас Санжактар Түркиянын коопсуздугу үчүн өлкөнүн ар башка жерлеринде кызмат өтөшөт.

Памир айылынын маданият, билим берүү жана көмөктөшүү коомунун төрагасы Жемшит Хорасан, абдан кубангандарын жана сыймыктангандарын билдирип: «Мындан мурда айылыбыздан жүздөгөн айыл күзөтчүсү, ондогон адис сержант жана кенже лейтенанттар чыккан. Бирок бул ирет Түрк армиясына офицер катары кызмат кыла турган жаштарды көрүүдөбүз. Биз мекенибиз үчүн жанын аябаган адамдарбыз. Эми армияда командирлерибиз да болот»,-деди.

Ванга 132, Эржишке 32 чакырым алыстыктагы Улупамир айылы, террор менен күрөшүүдө символго айланган айыл.

Аймакта жикчил террор уюму ПКК кире албаган жалгыз айыл катары билинет.

Советтер Союзу 1979-жылы Ооганстанды басып алганда Памир тоолорунда жашаган кыргыз калкынын бир бөлүмү Ооганстандан чыгып Пакистанга баш калкалашты.

Бирок аба-ырайынын себебинен Пакситанда жашай албаган кыргыздардын атынан лидери Рахманкул Хан,  БУУга кайрылды. Ошондой эле Түркиянын Элчилигине кайрылып жардам сурашты.

1982-жылы ал убактагы президент Кенан Эврендин уруксаты менен памирдик 1150 кыргыз учактар менен Түркияга алып келинди.

Алгач Малатиядагы Апаат үйлөрү менен Вандын Карагүндүз айылына жайгаштырылышты.

1987-жылы болсо ал убактын премьер-министри Тургут Өзалдын буйругу менен аз акы төлөнүп, мамлекет салып берген үстү үй асты мал короо болгон эки кабаттуу үйлөргө жайгаштырылды.

Өздөрүнүн каалоосу менен айылдын атын «Улупамир» деп коюшту.

1990-жылдан бери күзөт кылган Улупамирге алгачкы ПКК кол салуусу 1992-жылы болду.

Улупамирдиктер ошондон бери террористтердин кол салууларына каршы аймакты коргоп келишет.



Тектеш кабарлар