Өзбекстанда биринчи жолу Рамазан майрамынан улам амнистия  жарыяланды

Бушайман болгон 226 кылмышкер кечирилет.

991738
Өзбекстанда биринчи жолу Рамазан майрамынан улам амнистия  жарыяланды

Президент Шавкат Мирзиеев өлкө тарыхында биринчи жолу Рамазан майрамынан улам туткундардын кечирилишине байланыштуу жарлыкка кол койду. Ушул боюнча кылган кылмышынан бушайман болгон 226 кылмышкер кечирилет.

Жарлык боюнча ушул алкакта 102 кылмышкер койо берилет, 71 кылмышкер да шарттуу түрдө койо берилет, 39 кылмышкердин жазасы башка жаза менен алмаштырылып эркин койо берилет, 14 кылмышкердин болсо жаза мөөнөтү азайтылат.

Президент тарабынан кол коюлган жарлык боюнча кечирилгендерден 40 киши  60 жаштан жогору кишилер, 39зу болсо чет элдиктер, 37син аялдар, 51рин болсо мыйзам тышы уюмдун мүчөлөрү түзүүдө.

Жарлык менен эркин койо берилген кылмышкерлердин коомго шайкеш келиши жана иштей алышы үчүн тийиштүү мамлекеттик мекемелердин керек болгон жардамды беришине да чечим чыгарылды.

Өзбекстанда андан мурда көз карандысыздык жана конституция күндөрүнөн улам амнистия жарыяланып турчу.



Тектеш кабарлар