Казакстанда 80 жаштардагы чоң энелер хору

Куляш Каспармакова 80  жаштардагы  чоң энелер менен курган «Чоң энелер шанырагы» аттуу хору менен өлкөнүн элдик музыкасын жашатууга аракет кылууда.

991271
Казакстанда 80 жаштардагы чоң энелер хору

Казакстандын борбор шаары Астанада эс алуудагы Куляш Каспармакова 80  жаштардагы  чоң энелер менен курган «Чоң энелер шанырагы» аттуу хору менен өлкөнүн элдик музыкасын жашатууга аракет кылууда.

Каспармакова 2009 -  жылы Казакстан улуттук китепканасында иштеп жүргөн кезде курган хору менен 10 жылга жакын убакыттан бери түрдүү маданий иш чараларга катышып келет. Хордогу 14 чоң эне салттык кийимдерин кийип боз үйдүн формасындагы сахнада элдик ырларды ырдап, бир жактан да кийиз, жип ийрүү сыяктуу кол эмгектери менен «тушоо кесүү» жана «шашу»  сыяктуу салттарды көрсөтүүдө.

Хордун 14 чоң энеден тургандыгын жана эң картаңынын 82 жашта экендигин айткан Каспармакова : «Чоң энелерибиз абдан энергиялуу. Кээ бирлери орозо кармаганына карабастан концерттерибизге катышууда. Концерт беребиз дегенде чоң энелер иштерин таштап келишет»,- деди.

Башталгыч мектеп, лицейлер, университеттер жана түрдүү мекемелердин чакыруусу менен да концерт беришкендерин айткан Каспармакова : «Жаштарда патриоттук сезимин ойготууга аракет кылуудабыз»,- деди.

Каспармакова 2017 -  жылы Астана EXPO 2017 эл аралык энергетика жарманкесинде 3 ай концерт беришкендерин билдирип туристтерден абдан чоң кызыгу көрүшкөндөрүн баса белгиледи.

Өзүнүн да 4 жыл мурда пенсияга чыкканын эске салган 62 жаштагы Каспармакова ыр жана музыканын чоң энелерге энергеия, позитив сезим бергендигин айтты. Каспармакова башка шаарлар менен өлкө тышынан чакырууларды алышкандарын бирок чоң энелердин ден соолугунан улам шаардын тышына чыга алышпагандарын сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар