Казакстан мунай өндүрүшүн арттырат

Ири мунай долбоорлору өлкөнүн экономикасына чоң салым кошмокчу.

975401
Казакстан мунай өндүрүшүн арттырат

Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев, мунай өндүрүшүнүн көлөмү жыл сайын артып 2025-жылга чейин жылына 104 миллион тоннага жетээрин белгиледи.

Бозумбаев Парламенттин жыйынындагы сөз сүйлөөсүндө, ири мунай долбоорлорунун кыска мөөнөттүн ичинде өлкөнүн экономикасына чоң салым кошо турганын айтты.

Тенгиз, Карачаганак, Кашаган мунай зат жана газ долбоорлорунун негизинде мунай секторундагы өсүүнүн улана турганын баса белгилеген Бозумбаев: «2017-жылы Кашагандын өндүрүшү башалгандан тарта мунай зат өндүрүшү 78 миллион тоннадан 86,2 миллион тоннага жетти. Мунай өндүрүшүнүн көлөмү жыл сайын артып, 2025-жылга чейин 104 миллион тоннага жетет»,-деди.

Бозумбаев, 2018-жылы январь-апрель айларынын аралыгында 30 миллион тонна мунай өндүрүлгөндүгүн жана бул көлөмдүн 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6 пайыз артканына көңүл буруп: «2018-жылы мунай өндүрүшүнүн 87 миллион тонна деңгээлинде болушу күтүлүүдө»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар