Өзбекстандагы сел 5 адамдын өмүрүн алды

Кашкадарьяда нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланды.

973210
Өзбекстандагы сел 5 адамдын өмүрүн алды

Өзбекстанда катуу жааган жамгырдын себебинен сел жүрүп 5 киши каза тапты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө, өлкөнүн түштүгүндө нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланып Кашкадарья аймагына караштуу Чыракчы ройонундагы Мирзатурк айылында 5 кишиин каза болгону белгиленди.

Министрликке караштуу куткаруучу топтордун жамгырдан таасирленген аймактарда иликтөөлөрдү жүргүзүүнү улантып жаткандары маалымдалды.

Жуманын башында да Кашкадарья аймагына караштуу Китаб районунда болгон селден жолдор жана 200гө жакын үй зыян тарткан болчу.



Тектеш кабарлар