Кыргызстанды таанытуу иш-чарасы Коньяда болуп өттү
Иш-чарага жалпы Коньяда окуп жаткан 60 мамлекеттин студенттери катышып, өздөрүнүн улуттук маданиятын, каада-салтын, кол өнөрчүлүк, ашканасын таанытты.
Түркиянын Конья шаарында Кыргызстанды таанытуу иш-чарасы болуп өттү. Шаар бийлиги студенттер менен биргеликте уюштурган "Улуттар аралык студенттердин жолугушуусу" аттуу иш-чарага жалпы Коньяда окуп жаткан 60 мамлекеттин студенттери катышып, өздөрүнүн улуттук маданиятын, каада-салтын, кол өнөрчүлүк, ашканасын 2 күн бою таанытты. Коньянын университеттеринде жана лицейлеринде окуп жаткан Кыргызстандык студенттер кыргыздын көөнөргүс мурасы болгон "Манас айтуу" өнөрүн көргөздү. Андан сырткары иш-чарада улуттук оюндардан ордо, чүкө атмай оюндары көрүүчүлөргө тартууланып, көк бөрү оюуну тууралуу да маалыматтар берилди. Атайын тигилген чатырда улуттук кол өнөрчүлүк, кийизден, териден жасалган байыркы буюмдар, кийим кечелер, зер буюмдары жана сувенирлер коюлду. Улуттук тамак-аштын бир нече түрү коюлуп, келгендердин назарын бурду. Эске салсак өлкөлөрдү таанытуу иш-чарасы Түркиянын бийлиги тарабынан былтыр Кыргызстанда жана башка кыркка жакын мамлекетте уюштурлган. Ал эми Коньяда аталган таанытуу иш-чарасы 5 жолу өткөрүлдү. Булар туурасында маалыматты иш-чарага катышкан кыргызстандык студент Азамат Арпачиев билдирди.