Казакстанда Элдик Биримдик Күнү майрамдалды

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев да келип жарандарды Элдин Биримдик Күнү менен куттуктады.

961952
Казакстанда Элдик Биримдик Күнү майрамдалды

Казакстандын борбор шаары Астанада  1 -  Май Элдин Биримдик Күнү түрдүү маданий иш чаралар менен белгиленди.

Казак Эли аянтында 1 -  Майды майрамдоо үчүн чогулган эл, этникалык топтор да катышкан концерттер коюлду.

Аянтка Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев да келип жарандарды Элдин Биримдик Күнү менен куттуктады. Назарбаев биримдиктин саясында көз карандысыз мамлекет курушкандарын белгилеп : «Биримдигибиз бардык этникалык топтор тарабынан белгиленет жана көп улуттуу мамлекет курууну билүү үчүн дүйнөнүн бардык жеринен бизге келишет»,- деди.

Биримдиктин саясында эң өнүккөн 30 өлкөнүн арасына кирүү жана калктын турмушун жакшыртуу жоопкерчилигин алгандыгына көңүлдөрдү бурган Назарбаев өлкөдө жашаган элдердин биримдик, бири бирине карата урмат – сый ичинде жана бир гана конституцияга ылайык жашагандыгын сөздөрүнө кошту.

1 -  Май майрамынын негизинде Байтерек мунарасы жайгашкан аянтта 500 жаш казак музыкалык аспап домбра менен композитор Курмангазынын музыкаларын аткарышты. Аянтка чогулган жүз миңдеген киши домбрачыларга кол чабышты.

Казакстанда 1996 -  жылдан баштап 1 -  Май Элдик Биримдик Күнү катары майрамдалып келет.



Тектеш кабарлар