Казакстан 2018 - жылы 9000 жаранын өлкөнүн түндүгүнө жайгаштырат

Казакстан  өлкөнүн түндүгүндө  калктын санынын азайышы маселесин чечүү үчүн калкы эң көп болгон Түштүк Казакстан, Алматы, Жамбыл, Кызылорда жана Мангыстау аймактарынан түндүк аймагына жыл сайын миңдеген кишини алып келүүдө.

906383
Казакстан 2018 -  жылы 9000 жаранын өлкөнүн түндүгүнө жайгаштырат

Казакстан өлкөнүн түштүгү менен түндүк аймактарынын ортосундагы калктын тең салмаксыздыгын чечүү үчүн 2018 – жылы 9000 Казакстан жаранын өлкөнүн түштүгүнөн түндүгүнө жайгаштырат.

Казакстан  өлкөнүн түндүгүндө  калктын санынын азайышы маселесин чечүү үчүн калкы эң көп болгон Түштүк Казакстан, Алматы, Жамбыл, Кызылорда жана Мангыстау аймактарынан түндүк аймагына жыл сайын миңдеген кишини алып келүүдө.

жыл сайын орточо 3 миң киши көчкөн проектинин негизинде бул санды үч эсеге арттыруу менен 9 миңге чыкты. Бул тууралуу билдирүү берген Казакстандын эмгек жана социалдык коопсуздук министринин орун басары Нуржан Алтаев 2017 -  жылы 3350 кишинин өлкөнүн түштүгүнөн түндүгүнө көчкөндүгүн, бул жылы да бул санды үч эсеге чыгарууну пландашкандарын айтты. Өлкөнүн түндүк аймагындагы Чыгыш жана Түндүк Казакстан, Павлодар менен Костанай аймактарындагы  жаштардын борбор шаар Астана менен өлкө тышына чыгууну тандашынан улам калктын саны жана жумушчу күчү кыйынчылыгынын болгондугун белгилеген Алтаев көчүүнү каалагандарга түрдүү материалдык жардам жана социалдык укуктардын берилгендигин да айтты.

Казакстан акыркы жылдарда баштаган бул проектинин негизинде көчкөн үй  - бүлөдөгү ар бир кишиге 84. 175 тенге айлык маяна, бир жыл жашаган үйлөрдүн арендасын камсыз кылуу сыяктуу материалдык жардамдар менен медициналык жана билим берүү тармактарында жардам берип, түндүккө көчүп баргандарды жумушка алгандарды да киши башына жылдык 1 миллион тенге менен каржылоодо.



Тектеш кабарлар