Армения жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери Тоолуу Карабах тууралуу сүйлөштү

Элмар Меммедияров менен Эдуард Налбантян Тоолуу Карабах маселесин чечүү үчүн Польшанын Краков шаарында жолугушту.

892147
Армения жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери Тоолуу Карабах тууралуу сүйлөштү

Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Меммедияров менен Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбантян Тоолуу Карабах маселесин чечүү үчүн Польшанын Краков шаарында жолугушту.

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУнун Минск группасынын тең төрагалары да катышкан жолугушууда Карабах маселесин чечүү сунуштары тууралуу талкуу болду.

6 саатка жакын созулган жолугушуудан кийин Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Меммедияров жазуу түрүндө маалымат берди. Меммедияров ЕККУнун Минск группасынын тең төрагаларынын сүйлөшүүлөрдүн улантылышы максатында февраль айынын башында аймакка барарын белгиледи. Сүйлөшүүнүн мыкты өткөндүгүн баса белгилеген Меммедияров маселенин чечилиши үчүн сүйлөшүүлөрдүн бат  - бат өткөрүлүшү жана акылга сыярлык болушу керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар