Астанада кар борошосу

Казакстандын борбор шаары Астанада катуу кар борошосунун айынан өзгөчө абал жарыяланды.

886229
Астанада кар борошосу

 Казакстандын борбор шаары Астанада катуу кар борошосунун айынан өзгөчө абал жарыяланды.

Казакстандын метеорология кызматынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кар борошосунун  ылдамдыгы секундасына  30 метрге чейин жетери жана абанын температурасынын – 25 градуска төмөндөй тургандыгы билдирилди.

Астана губернаторлугу да аба шарттарынын өзгөрүшү менен өзгөчө абал жарыялангандыгын билдирди.

Мамлекеттик мекемелер менен иш жерлеринин ишин токтотуу боюнча сунушун билдирген губернаторлук Астана кургак жолдорунун унааларга жабылгандыгын билдирди.  Өзгөчө Астана губернаторлугунун билим берүү мекемеси да ыңгайсыз аба шарттарынан улам билим берүүнүн токтотулгандыгын билдирди.

Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортунун сайтындагы маалыматта да каттамдардын коопсуздук үчүн токтотулгандыгын билдирди. Кыш 5 – 6 айга созулган Астана  Улан  -Батордон кийинки дүйнөнүн экинчи эң суук борбор шаары катары билинет.



Тектеш кабарлар