Түркияга боордош өлкөдөн тарыхый сапар

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Өзбекстандын президенти  Шавкат  Миромонович  Мирзиёевди салтанаттуу азем менен тосуп алды.

834341
Түркияга боордош өлкөдөн тарыхый сапар

Президент Режеп Таййип Эрдоган, расмий сапар менен Түркияга келген Өзбекстандын президенти  Шавкат  Миромонович  Мирзиёевди салтанаттуу азем менен тосуп алды.

Президент Эрдоган, Мирзиёевди Президенттик комплексинин негизги каалгасында тосуп алды. Эрдоган жана Мирзиёевдин азем аянтындагы орундарын алышынан кийин 21 жолу замбирек огунун атылышынын коштоосунда эки өлкөнүн улуттук гимдери ойнолду.

Конок президент Мирзиёев, Гвардиячы полктун аземде тизилген катарына «Мерхаба аскер» деп салам берди. Аземде тарыхта курулган 16 түрк мамлекеттерин өкүлдүк кылган желектер жана аскерлер да орун алды.

Эки өлкөнүн делегацияларынын тааныштырылышынан кийин Эрдоган жана Мирзиёев, тепкичтерге туруп Түркия жана Өзбекстандын желектеринин алдында сүрөткө түшүштү.

Эки лидер өз ара жолугушкандан кийин, делегациялар аралык жолугушуулар өтөт.

Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар, глобалдык жана аймактык темалар каралат.

Жолугушуулардын бүтүрүлүшүнөн кийин эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерге кол коюу аземине өтүлөт.

Эрдоган менен Мирзиёев биргелешкен маалымат жыйын өткөрүшөт.

Президент Эрдоган, коногунун урматына расмий кечки сый-тамагын берет.

Аземде вице-премьер Хакан Чавушоглу, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, экономика министри Нихат Зейбекчи, улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли, маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш, президенттик аппараттын катчысы Фахри Касырга, Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жана Анкаранын губернатору Эржан Топажа орун алышты.

Бул сапар, 20 жылдык мөөнөттөн кийин Өзбекстандан Түркияга президенттик деңгээлде жасалган алгачкы сапар болуу өзгөчөлүгү менен тарыхта калат.



Тектеш кабарлар