Алиев - Саркисян жолугушту

Алиев менен Саркисян Карабах маселесин сүйлөшүү үчүн 2016 – жылы июнь айында Орусиянын Петербург шаарында жолугушкан.

828112
Алиев  - Саркисян жолугушту

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын президенти Серж Саркисян Карабах маселесин сүйлөшүү үчүн Швейцариянын Женева шаарында жолугушту.

Саммит Европа Коопсуздук ждана Кызматташтык Уюму ЕККУнун Минск группасынын арачылыгы менен өткөрүлдү. Саммитке Азербайжан жана Армениянын президенттери менен ЕККУнун Минск группасынын кош төрагалары да катышты.

ЕККУнун Минск группасынын маселени чечүү сунуштары каралган саммиттен кийин Азербайжандын президенти Алиев менен Армениянын президенти Саркисян эки тараптуу сүйлөшүү да өткөрүштү. Сүйлөшүү тууралуу кенен маалымат берилген жок.

Алиев менен Саркисян Карабах маселесин сүйлөшүү үчүн 2016 – жылы июнь айында Орусиянын Петербург шаарында жолугушкан.

 



Тектеш кабарлар