Азербайжан Европа Кеңешинин Парламентарлар Ассамблеясына каршылык көрсөттү

Али Хасанов Европа Кеңешинин Парламентарлар Ассамблеясынын өлкөсү тууралуу кабыл алган чечимдин өздөрүн Европа Кеңеши менен карым – катнаштарын карап чыгууга мажбурлагандыгын белгиледи.

825478
Азербайжан Европа Кеңешинин Парламентарлар Ассамблеясына каршылык көрсөттү

Азербайжандын вице  - президенти Али Хасанов Европа Кеңешинин Парламентарлар Ассамблеясынын өлкөсү тууралуу кабыл алган чечимдин өздөрүн Европа Кеңеши менен карым – катнаштарын карап чыгууга мажбурлагандыгын белгиледи.

Хасанов : «Европа Кеңешинин Парламентарлар Ассамблеясы  өзүнчө максаты болгон жана Азербайжанга каршы чүйрөлөрдүн субьективдүү түрдө даярдалган бул долбоорду кабыл алуу менен дагы бир жолу Азербайжанга карата шектенүү менен карагандыгын жана адилеттиктен алыс экендигин көрсөткөн болду»,- деди.

Европа Кеңешинин Парламентарлар Асамблеясынын Страсбургдагы жыйынында : «Азербайжандагы демократиялык мекемелердин  иштери» жана «Азербайжандын Европа Кеңешиндеги башчылыгы мезгилинде адам укуктарына сый көрсөтүү боюнча ташталган кадамдар» деген эки отчетту кабыл алган болчу.



Тектеш кабарлар