Анкарада ТҮРКСОЙ ат жарышы болуп өттү

Иш-чара иподром имаратындагы ТҮРКСОЙдун көргөзмөсүнүн ачлышы менен башталды.

769274
Анкарада ТҮРКСОЙ ат жарышы болуп өттү

Анкарада ТҮРКСОЙ ат жарышы болуп өттү.

Түркиянын баш калаасы Анкарада Түрк тилдүү республикалардын арасындагы дипломатиялык карым-катнаштын 25 жылдыгы жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюумунун 24 жылдыгына арналган ат жарышы уюштурулду.

Анкаранын 75-жыл иподромунда болгон иш-чарага ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүсен Касеинов, орун басары Фырат Пурташ, Түркия Жокей клубунун мүчөсү Жан Полат Йейигүн, Кыргыз Республикасынын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, Балкан өлкөлөрүнүн элчилери, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын элчилеринин өкүлдөрү катышты.

Иш-чара иподром имаратындагы ТҮРКСОЙдун көргөзмөсүнүн ачлышы менен башталды. Аны утурлай ТҮРКСОЙдун жаштар камера оркестринин концерти болду.

Андан соң ТҮРКСОЙ ат жарышы жүзөгө ашты. Жарышта «Айза» аттуу тулпар алдыда келди. Иш-чара жеңишке жетишкен аттын ээсин сыйлоо менен аяктады.



Тектеш кабарлар