Азербайжандын энергетика министри үчүн жаназа зыйнаты өткөрүлдү

Азербайжандын энергетика министри Натик Алиев акыркы жолчулугуна узатылды.

750091
Азербайжандын энергетика министри үчүн жаназа зыйнаты өткөрүлдү

Азербайжандын энергетика министри Натик Алиев акыркы жолчулугуна узатылды

Натик Алиев үчүн Баку Маданият Борборунда жаназа зыйнаты өткөрүлдү.

Жаназа зыйнатына Азербайжандын премьер – министри Артур Расизаде, парламенттин спикери Октай Эседов, азербайжандык министрлер, депутаттар, Натик Алиевдин үй  - бүлөсү жана жарандар катышты.

Жаназа зыйнатынан кийин Натик Алиевдин сөөгү Экинчи Фахри Хыябанына коюлду.

4 -  июнь күнү жүрөк пристубу кармаган 69 жаштагы Натик Алиевдин жүрөгү токтоп, дарыгерлердин аракеттери менен куткарылган болчу. Стамбулда дарыланган Натик Алиев күтүлбөгөн жерден мээге кан кетүү менен каза болду.

Натик Алиев 2005 – 2013 – жылдардын арасында энергетика жана өнөр жай министрлигин аткарып, 2013 – жылы энергетика министри болгон.

 



Тектеш кабарлар