Азербайжандын улуттук күнү

Азербайжан көз карандысыздыгынын 99 -  жылы борбор шаар Анкарада азем менен белгиленди.

738945
Азербайжандын улуттук күнү

Азербайжан көз карандысыздыгынын 99 -  жылы борбор шаар Анкарада азем менен белгиленди.

Элчиликтеги аземге чет элдик миссия өкүлдөрү менен Түркиядан президенттиктин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу жана транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Ахмет Арслан да катышты.

Ошол эле учурда Түркия менен Азербайжандын ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштардын курулушунун 25 -  жылы да белгиленди. Ушунун негизинде министр Арслан жана элчи Фаиг Багыровго Эл аралык түрк маданият уюму ТҮРКСОЙ тарабынан маданият медалы тагылды.

Транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Арслан : «21 -  кылымдын проектиси болгон 45 миллиард долларлык түштүк газ коридору проектиси өзгөчө Азербайжан жана Түркиянын аракеттери жана финансылык булактары менен ишке ашырыла баштады. Урматтуу президентибиз тарабынан ортого салынган жана эки эрк менен башталган бул проектилер Түркия жана Азербайжан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр катары орток күч болуу максатына маанилүү салым кошууда. Энергетика тармагы менен бирге транспорт тармагында бар болгон стратегиялык проектилердин эң мыкты үлгүлөрүнүн бирөөсү Баку -  Тбилиси – Карс темир жолу проектиси. Проектинин бүткөрүлүшү менен транспорт секторунда маанилүү бир коридор түзгөн болобуз»,- деди.



Тектеш кабарлар