Азияда ФЕТӨ менен күрөшүү боюнча керектүү кадамдардын ташталышы керек

Мехмет Гөрмез, Анкарада Заирбек Эргешов баштаган Кыргызстандын Мамлекеттик дин иштери боюнча делегациясын кабыл алды жана эскертүүлөрдү жасады.

733489
Азияда ФЕТӨ менен күрөшүү боюнча керектүү кадамдардын ташталышы керек

Дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасы Мехмет Гөрмез, Азиядагы коркунучтуу Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) уюмдашуусуна карата эскертти.

Мехмет Гөрмез, Анкарада Заирбек Эргешов баштаган Кыргызстандын Мамлекеттик дин иштери боюнча делегациясын кабыл алды жана эскертүүлөрдү жасады.

Динге жамынып алып бардык мекеме жана уюмдардын ичине кирип кеткен уюмдашуулар менен күрөшүү абдан татаал болгонун баса белгилеген Гөрмез: «Биз муну өлкө катары абдан кайгылуу өткөрдүк, дагы деле азабын тартуудабыз. Башка дос жана тууган өлкөлөрдүн ушундай кайгыга батышын каалабайбыз»,-деди.

Азияда исламдын жана Түркиянын атын колдонгон ФЕТӨ уюмдашуусу боло ала турганын айткан Гөрмез, кыргыз делегациясына ФЕТӨ менен күрөшүү боюнча керектүү кадамдардын ташталышы керектигин эскерткен Гөрмез: «Биз Кыргызстанды жаныбыздан артык көрөбүз, ажыратпайбыз. Кыргызстандын таманына тикенек кирсе, биз жүрөгүбүзгө сайылгандай сезебиз»,-деди.

Орто Азияда көз карандысыздыкка ээ болгон Түрк тилдүү республикалардын арасынан Дин иштери боюнча башкармалыгынын алгачкы байланышты түзгөн жана бирге эмгектенген өлкөсүнүн Кыргызстан болгонун маалымдаган Гөрмез, ФЕТӨ менен күрөшүү темасында ар түрдүү колдоону көрсөтүүгө даяр болгондорун айтты.

Кыргызстан Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясынын төрагасы Эргешев да, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкка ыраазы экендиктерин айтты.

Эргешев: «Алдыдагы күндөрдө да кызматташтыктарыбыз жагынан Түркиянын тажрыйбаларынан пайдалануубуз керек. Кыргызстан катары муктаждыгыбыз бар. Айрыкча тилибиз, динибиз бирдей болгондуктан бул кызматташтыктардын өнүктүрүлүшү зарыл»,-деди.



Тектеш кабарлар