Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагында жер титирөө болду

Жер титирөөнүн күчү 5,5 баллга жетти

729905
Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагында жер титирөө болду

Кытайдын батышындагы Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагында болгон 5,5 баллдык жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 8ге жетти.

Кашгар облусуна караштуу тажик азчылыгы жашаган Ташкорган районундагы жер титирөөдөн кийин дагы 4 адамдын сөөгү табылды.

Жердин 8 километр тереңдигинде катталган жер титирөөдөн 23 киши жаракат алды.

1 миң 520 үйгө зыян келтирген жер титирөөдөн 800 мал кырылып калды.

Ташкорган Кытайдын Пакистан, Ооганстан жана Тажикстан чек арасында жайгашкан.

Кайталанган термелүүлөр болуп жаткан аймакта куткаруу жана жардам көрсөтүү иштери уланууда.



Тектеш кабарлар