4 - Исламдык тилектештик оюндары Бакуда өткөрүлөт
Оюндардын расмий ачылуу аземи Бакудагы Олимпиада стадионунда болот.
730440
4 - Ислам тилектештик оюндары Азербайжанда эртең башталат. Оюндардын расмий ачылуу аземи Бакудагы Олимпиада стадионунда өткөрүлөт.
54 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчунун катышуусу менен өтө турган жана 22 - майда аяктай турган оюндарда Түркия 337 спортчу менен жарышат.
Түркия атуу, секирүү, жеңил атлетика, 3 – 3 баскетбол, бокс, көркөм гимнастика, футбол, күрөш, штанга, гандбол, дзюдо – көзү азиздердин дзюдосу, каратэ, стол тенниси, тхэквондо, суу полосу, теннис, волейбол, вушу жана сүзүү болуп 20 тармакта жарышат.