Түркмөнстанда президенттик шайлоо өткөрүлөт
Учурдагы президент Гурбангули Бердимухамедов менен катар 9 талапкер ат салышат.
670013
Түркмөнстанда 12-февралда президенттик шайлоо өткөрүлөт.
Шайлоодо Түркмөнстан демократ партиясынан талапкер көрсөтүлгөн учурдагы президент Гурбангули Бердимухамедов менен катар 9 талапкер ат салышат.
Түркмөнстанда өткөн жылы баш мыйзамга өзгөртүү киргизилип, президенттин кызмат мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга көбөйтүлгөн. Айрыкча мамлекет башчы үчүн 70 жаш чеги да жоюлган.
Шайлоого эл аралык байкоочулар жана ар кайсы эл аралык уюмдардан чакырылган өкүлдөр байкоо салышат.